Рисале-и Нур деген эмне?

    02

          Рисале-и Нур — көрүнүктүү Ислам аалымы Бедиуззаман Саид Нурсинин 1926-1949-жылдар арасында жазган 14 томдон турган көлөмдүү эмгектери. Арапчадан которгондо «Нурдуу китепчелер» деп которулуп, жалпысынан 130 китепчелерден турат. Ыйык Куранга, ыйман негиздерине каршы багытталган динсиздердин, философтордун бардык суроолоруна таамай жооп берген куттуу Курандын нурдуу тафсири…

            Рисале-и Нур — бул заманда Мусулмандар үчүн эң биринчи колго алына турган ыймандуулардын колундагы руханий «Алмаз кылычы». Кылымыбыздын түшүнүгүнө, заманыбыздын кабыл алуусуна жараша жар салган, сабак берген Куран сабактары…

(Барладагы каттардын тиркемеси — 8-бет)

           Рисале-и Нур — Куран менен Хадистен кийинки Сертажы аулия (Олуялардын эң урмат кылган китеби), китептердин Султаны…

(Эмирдагтагы каттардын тиркемеси 1 — 98-бет)

             Рисале-и Нур — түздөн-түз Курандын чалкып жаткан далилдери, күчтүү бир тафсири… Ошол акыйкат илиминин кенчи болгон Курандан илхам болгон жана Курандын берекелүү булагынан агып чыккан маанилеринин котормолору…

(Шоолалар китеби — 686-бет)

Тафсирлер эки түрдүү болот: 

Биринчиси: Курандын ибараларынын, сөздөрүнүн, сүйлөмдөрүнүн маанилерин баяндайт, чечмелейт жана далилдейт.
Экинчи түрдөгү тафсирлер болсо: Курандын ыйманга тиешелүү болгон акыйкаттарын күчтүү далилдер менен баяндайт, далилдейт жана чечмелейт. Бул түрдөгү тафсирлер өтө маанилүү… Ал эми Рисале-и Нур болсо, түздөн түз бул экинчи түрдү негиз тутуп, эң кежир философтордун да жаагын жаптырган руханий тафсир.

(Шоолалар китеби — 515-516-беттер)

Рисале-и Нур китептери боюнча Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын фатвасы

fatva

         «Рисале-и Нур» китептери Ыйык Куран аяттарынын түшүндүрмөлөрү, ыйман маселесинде акылга сыярлык логикалык ой-толгоолор, ар кандай мисалдарды келтирүү менен Аллах Таалага болгон ишеничти бекемдеген жазуулар жазылган. «Рисале-и Нур» китептери 14 томдон турат.
             Жалпысынан Бедиуззаман Саид Нурсинин «Рисале-и Нур» чыгармалар жыйнагы «Ахли сунна вал жамаъа» акыйдасына туура келет жана Кыргызстан мусулмандары үчүн окутулууга жактырылат.
 
 Кыргызстан мусулмандарынын азирети муфтийи: Чубак ажы Жалилов.

 

Юнус пайгамбар

Юнус пайгамбар (Ага Аллах тааланын саламы болсун) Юнус алейхиссалам Асур мамлекетинин борбору жана маанилүү соода борбору болгон Нинова калкына жиберилген пайгамбар болгон. Аны балык жуткандыгы үчүн Зиннун же болбосо Сахиб-и Хут деп да аташат. Юнус алейхиссалам төрөлө элек мезгилде атасы дүйнөдөн кайткан. Энеси ал төрөлгөндө жана анын балалык мезгилинде таң …

Толук окуу…