Ажылык
АЖЫЛЫК Мекке шаарындагы Кааба жана анын айланасындагы куттуу деп эсептелген белгилүү жерлерге белгиленген учурларда барып эрежелерине ылайык зарыл ибадаттарды аткаруу АЖЫЛЫК деп аталат. Ажылык ибадаты күчү жеткен мусулмандарга парз болуп саналат. Анын парз болушу Куран, сүннөт жана ижма далилдери менен тастыкталган. Куранда төмөнкүчө айтылат: «…Мүмкүнчүлүгү жеткендерге Аллах (ыраазылыгы) үчүн Каабага…