Касам
КАСАМ Касам – бир ишти жасап-жасабоо максатында сөздү бекемдөө үчүн Алланын атын оозанып сөз берүү. Касам Алла Тааланын ысым-сыпаттарын оозануу менен жүзөгө ашат. Пайгамбарлар, ыйык жерлер менен сөз берүү касам болуп саналбайт. Асыресе, Куранга касам ичүү жарактуу эсептелет. Себеби Куран Алланын сөзү. Ошондой эле адалды арам кылуу же арамды адал…