Кайдигерлик

          Оо урматтуу бир тууганым, билгин! Кайдигер адам ѳз милдетин таштап, Алланын иши менен алектенет. Ооба, адам баласы кайдигерликтен улам күч-кубаты жете турган оңой кулчулук милдетин таштоо аркылуу, алсыз жүрѳгү менен өтө оор болгон Рубубият милдетинин ичине кирип, алдында эзилип калат. Аны менен бирге бүткүл ырахатын жоготуп, күнѳѳкѳр, туш келди…

Толук окуу…

Билгин!

Ооба, бул жашоонун максаты менен натыйжасы – түбөлүктүү өмүр болгондугу сыяктуу, мөмөсү да жашоону берген Тирүү жана Тирилтүүчү болгон Аллахка шүгүр, ибаадат, алкоо жана сүйүү болуп эсептелет. Ошондуктан бул шүгүр, сүйүү, мактоо жана ибаадаттар – жашоонун мөмөсү болгону сыяктуу, ааламдын да максаты болуп саналышат. Ал эми мына ушул акыйкаттардан улам…

Толук окуу…

Кабыр — акырет ааламына ачылган бир эшик.

Оо урматтуу бир тууганым, билгин! Кабыр — акырет ааламына ачылган бир эшик. Арка жагы ырайым, асты жагы азап. Бардык досторуң менен сүйүктүүлөрүң ошол эшиктин ары жагында турушат. Сенин да аларга жолугуучу убактың келбедиби? Аларга барып аларды зыярат кылууну каалабайсыңбы? Ооба, убакыт жакындап калды. Бу дүйнөнүн ыпластыктарынан тазаланыш үчүн бир «гусул»…

Толук окуу…

Инсан бир жолоочу

وَمَا هٰذِهِ الْحَيٰوةُ الدُّنْيَٓا اِلاَّ لَهْوٌ وَلَعِبٌۜ وَاِنَّ الدَّارَ اْلاٰخِرَةَ لَهِىَ الْحَيَوَانُۢ «Бул дүйнө жашоосу (жалган) шаттык менен оюн-тамаша, акыйкатта Акырет жергеси дал ошол чыныгы жашоо…» (Анкабут сүрөсү 64-аят.) Оо азиз инсан, билгин! Инсан бир жолоочу. Балалыктан жаштыкка, жаштыктан карылыкка, карылыктан кабырга, кабырдан хаширге, хаширден түбөлүктүүлүктү көздөй сапары уланып кете…

Толук окуу…