Ислам дининде үй-бүлө куруу

ИСЛАМ ДИНИНДЕ ҮЙ-БҮЛӨ КУРУУ Дин Ислам өзгөчө маани берген маселелердин бири – бул үй-бүлө маселеси. Адамзат урпагынын уланып жашоосу үчүн үй-бүлө куруу өзүнчө зарылдык. Мына ошондуктан Ислам дининде үй-бүлө ийне-жибине чейин иликтелип, ага тиешелүү белгилүү эреже-мыйзамдар коюлган. Анда аял менен эркек шарияттын негизиндеги нике аркылуу гана үй-бүлө түзө алуулары, ал…

Толук окуу…

Никеге чейинки мамиле

НИКЕГЕ ЧЕЙИНКИ МАМИЛЕ Никеге чейин үйлөнө турган эки тарап бири-бирин көрүшү керек. Адам жок жерде болбоо шарты менен баарлашып, сүйлөшсө болот. Бул учурда али нике болбогондуктан бири-биринин аврат эсептелген жерлерин көрүүгө шариятта уруксат берилбейт. Маселен, жолугуу учурунда кыздын жоолуксуз болушу, бала тизесинен өйдө кыска шым (шорта) кийип алышы сыяктуу. Никеге…

Толук окуу…

Никенин толук жарамдуу болушунун зарыл шарттары

НИКЕ КЕЛИШИМИНИН ТОЛУК ЖАРАМДУУ БОЛУШУ ҮЧҮН ЗАРЫЛ ШАРТТАР Ислам дини нике келишиминин толук кандуу жарактуу болушу үчүн төмөнкү шарттарды талап кылат: 1. Баш кошкон адам же анын өкүлү акыл-эси соо, балагатка жетүүлөрү зарыл. 2. Кыз-жигиттин ортосунда үйлөнүүгө тоскоолдук болбошу керек. Бул жөнүндө төмөндө маалымат берилет. 3. Эки тараптын тең көңүлү,…

Толук окуу…

Туруктуу тоскоолдуктар

  ТУРУКТУУ ТОСКООЛДУКТАР Эч качан бири-бири менен үйлөнүүгө болбой турган адамдарга: Кандаш бир туугандар, андан соң эмчектеш бир туугандар жана кайын-журт туугандар кирет. 1. Кандаш туугандык Кандаш туугандыктан улам үйлөнүүгө кескин түрдө тыюу салынган адамдар төмөнкүлөр: Ата-эне, чоң ата, чоң эне, уул, небере, бир туугандар, бир туугандардын балдары, таяке, таеже,…

Толук окуу…

Убактылуу тоскоолдуктар

УБАКТЫЛУУ ТОСКООЛДУКТАР 1. Турмушка чыккан абалда болуу: Турмушка чыккан күйөөсү бар аял башка адам менен үйлөнө албайт. Күйөөсү одүйнө салган соң же ажырашкандан кийин башка адамга турмушка чыкса болот. 2. Дин айырмачылыгы: Мусулман кыз мусулман эмес адамга турмушка чыга албайт. Ал эми мусулман эркек адам мусулман эместерден тек Христиан же…

Толук окуу…

Толук кандуу никенин жыйынттыгы

ТОЛУК КАНДУУ НИКЕНИН ЖЫЙЫНТЫГЫ Баш кошкондор үй-бүлө коломтосунун отун өчүрбөө үчүн, ынтымактуу, ыймандуу бейпил өмүр сүрүү үчүн ал-күчтүн жетишинче аракет кылышы керек. Ырас, толук кандуу никенин жыйынтык-талаптарын төмөнкүчө тизмелөөгө болот: 1. Баш кошкондор бири-бири үчүн адал болушат. Тагырак айтканда, бири-бирин кароо, кармоо, жыныстык катнаш өңүтүнөн ортолорунда эч кандай тоскоолдук болбойт.…

Толук окуу…

Махр

МАХР Махр – бул никенин талабы катары жигит тарабынан кызга берилчү мал-мүлк каражаты. Ханафи аалымдарынын пикиринде, махрдын эң төмөн баасы болжол менен эки баш койдун наркында болушу керек. Ал эми анын жогорку чеги жок. Махрдын өлчөмү никеден мурда белгиленбеген болсо же унутулуп калса, жалпысынан кыздын эжелери алган өлчөмдө «махри мисил»…

Толук окуу…

Тукум

ТУКУМ Тукум – бул бала менен ата-эненин ортосундагы кан, урук байланышы. Бала төрөлүү менен энесине болгон урук байланышы белгилүү болот. Үй-бүлө коломтосунда төрөлгөн баланын тукуму эне тарабынан да, ата тарабынан да белгилүү болот. Күйөөсү көз жумган же күйөөсү менен ажырашкан аялдын боюнда болуп-болбогону идда күтүү аркылуу билинет. Ажырашкандан же күйөөсү…

Толук окуу…

Бала эмизүү

БАЛА ЭМИЗҮҮ Алла Таала баланы эмизүү милдетин ата-энеге, ата-энеси жок болсо, баланы өз карамагына алган адамга (мисалы, бул чоң ата, чоң энеси же туугандары же башка адам да болушу мүмкүн) жүктөгөн. Куранда Алла Таала: «Эмизүүнүн толук болушун каалаган энелер балдарын толук эки жыл эмизишет… Ата-эне өз ара кеңешип баланы эмчектен…

Толук окуу…