Теспе тартуу бидатпы? Электондук теспе колдонсо болобу?

              Суроо: Теспе тартуу бидатпы? Электондук теспе колдонсо болобу?              Жооп: Тасбих айтуунун өзү сүннөт. Пайгамбарыбыз САВдын доорунда манжаларын, курманын данектерин жана майда таштарды саноо менен тасбих кылышкан. Саид ибн Абу Ваккастан риваят кылынган бир хадисте: Пайгамбарыбыз САВ бир аялдын курманын данектери менен тасбихтерин санап жатканын көргөн, бирок тыйган эмес.…

Толук окуу…

Каза намазы бар адам напил намаз окуса кабыл болбойбу?

Бул маселе мужтахиддер арасындагы талаш маселе.                 1-Малики мазхабы боюнча казасы бар адамдын нафил менен алек болуусу харам деп эсептелет. Бирок, 5 убак намаздын сүннөттөрү менен тахиятул масжид намазын окууга уруксат берилген.                 2-Шаафи мазхабы боюнча казасы бар адам нафил менен алек болуу макрух деп эсептелет. Анткени, казаларды окуп бүтүрүү…

Толук окуу…

Ислам динибизде оюнчук, куурчак ойноого болобу?

               Балалык – адамзаттын эң кызыктуу учурунун бири. Анткени, балалык чактан баштап баланын кулк-мүнөзү жана анын табияты калыптанат. Дүйнөнү таанып билүү менен ар бир бала өзүнүн кичинекей ааламын түзө баштайт. Бул ааламда куурчактар менен оюнчуктардын орду абдан чоң…                  Бирок: «Ислам динибизде оюнчук, куурчак ойноого болобу?» – деген суроо ар…

Толук окуу…

Шахмат менен нарда ойносо болобу?

Шахмат менен нарда ойносо болобу?              Ыйык Куранда жана Пайгамбарыбыздын хадистеринде шахмат жөнүндө ачык кабар айтылган эмес. Бирок, нарда оюнуна тыюу салган хадистер бар: «Кимде-ким нарда ойносо, ал Аллахка жана Анын Элчисине САВ толук моюн сунбаган болот» (Ибн Маажа, Абу Дауд, Ас-Суюти Жамиъус-сагыр. 542-бет, №9007 хадис, «сахих»).           Шахмат оюну…

Толук окуу…

Ашура күнү кандай күн?

            Мухаррам айынын онунчу күнү Ашура күнү деп аталат. Мухаррам айы Курани каримде ыйык деп билдирилген төрт айдын бири. Мухаррам айынын биринчи күнү орозо кармоо ал жылдын баарын орозо кармап өткөргөн сыяктуу сооп болот. Бир хадистин мааниси төмөндөгүдөй:          «Рамазандан кийин эң фазилеттүү орозо — Мухаррам айында кармалган орозо.” [Муслим]…

Толук окуу…

«Бисмиллах» — деп айтуунун өкүмү

             Суроо: Бисмиллахты айтуунун өкүмү кандай?            Жооп:  Айтылган ордуна карай бисмиллахтын өкүмү өзгөрөт. Мисалы:             Фарз болгон жерлер: Малды мууздап жатканда бисмиллахты айтуу фарз. Бисмиллах айтылбай мууздалган малдын этин жеш харам.             Важиб болгон жерлер: Намаздын сыртында Фатиха окууну баштардын алдында бисмиллахты айтуу важиб. Шафии мазхабында болсо ар дайым Фатиха…

Толук окуу…

Зинаа деген эмне?

Зинаа деген эмне?                Шариятта балакат жашына жеткен жана акыл ээси соо аял менен эркектин никесиз жыныстык катнашта болуусу зинаа деп аталат. Зинаа ислам дининде катуу тыюу салынган чоң күнөөлөрдүн бири. Тактап айтканда ислам дининде никенин тышындагы бардык жыныстык катнаштар зина болуп эсептелет. Зинаа – коомчулукта сойкулуктун жайылышына, коомдун бузулушуна,…

Толук окуу…

Ачууга алдырган адамдын талагы жарактуубу?

Ачууга алдырган адамдын талагы жарактуубу? Бул багытта Мухаммад саллаллааху алейхи ва саллам: «Ачууга ууккан (алдырган) маалда талак болбойт» (Бухари, Талак, 11) деген. Андыктан адам акыл-оюн башкара албай калган даражада ачууга ууккан кезде айткан талагы жараксыз болуп саналат.

Толук окуу…

Жыныстык катнашка чейин ажырашса, кандай болот?

Жыныстык катнашка чейин ажырашуу жараяны жүзөгө ашса, анын жыйынтыгы кандай болот? Нике кыйылган соң жыныстык катнашка чейин жүзөгө ашкан ажырашуу баин талакка кирип, тек бир талак гана жараян эткен болот. Бул учурда аял никеси кыйылып жатканда белгиленген махрдын жарымын алганга укуктуу (Бакара 237). Эгерде махр белгиленбеген болсо, анда ага ыраазы…

Толук окуу…

Жубайлардан бири Ислам дининен кайтса эмне болот?

Жубайлардан бири Ислам дининен кайтса эмне болот? Мусулман жубайлардан бири Ислам дининен чыкса, анда жубайлар ажырашкан болушат. Айрым аалымдар бул учурда аялдын иддасы бүткөнгө чейин ортодогу нике жарактуу болуп эсептелет дешет. Демек, мындай учурда аялдын иддасы бүткөнгө чейин динден чыккан адам кайрадан Ислам динин кабыл алса, анда жубайлар бирге жашап…

Толук окуу…