Издөө
Асмауль Хусна
Ал Мухаймин – Бардык макулуктарды көзөмөлдөп, колдоп туруучу.
Осмончо-кыргызча создор боюнча тестер
Белгилер
Бедиуззаман Саид Нурси Бейиш нуру Бир туугандык Видео кыргызча Зулкарнайн пайгамбар Имам Сарахси Кумар ойноо Куран Карим Куран деген эмне? Куран мааниси Куран окуу Куран окууну уйронуу Куран тафсири Мухаммад Мухаммед САВ Нур шакирттери Пара алуу Пророк Саид Нурси боюнча суроо-жооптор Сүннөт Сүткорлук Тагдырга ишенүү Тажвид Таразадан жана метрден алдоо Уурулук Шайтандын жаратылуусунун сыры эмне? Ыйман деген эмне? вежизелер гыйбат дуа дуба кыргызча дуба кыргызча рисале кыргызча рисале и нур мужиза мусулман мультфильмдери намаз нурчулар рисале-и нур деген эмне рисале и нур видео сарамжалдуулук скачать сөздөр китеби хадистер чынчылдык
Метка: Куран тафсири
Тагдырды эн жоной тушундуруу
Кочуруп алуу / Скачать https://ru.files.fm/u/wxmh8fk2
Мусулмандар эмне учун артта калды
Ийгиликке жетүүнүн сырлары
Боорубуз Аллахты таанытат. Видео кыргызча
АЛЛАХ ЭМНЕ ҮЧҮН ЭТ ЖЕГЕН ЖАНЫБАРЛАРДЫ ЖАРАТТЫ? Бейиш Нуру
АЛЛАХ ЭМНЕ ҮЧҮН ЭТ ЖЕГЕН ЖАНЫБАРЛАРДЫ ЖАРАТТЫ? Аллах Таала Акылмандуу зат. Ал кээ бирки жаныбарлардын ырыскысын өсүмдүктөр кылып койду. Ал эми кээ бирки жаныбарлардын ырыскысын болсо эт кылып койду. Ушул жерден суроо туулат. Эмне үчүн Аллах эт жей турган жаныбарларды жаратты. Дүйнөдө аябай көп айбанаттардын түрлөрү бар. Алар күн сайын ар кандай себептерден улам өлөт. Өлгөн жаныбарлар өлгөн жеринде эле калат. Эгер Аллах эт жей турган жаныбарларды жаратпаганда, же болбосо бүткүл айбандарды чөп, өсүмдүк жей турган кылып койгондо дүйнөнү өлгөн жаныбарлар каптап кетмек. Натыйжада жер бетип ар кандай вирус каптап, жашоого мүмкүн болбой калмак. Өлгөн жаныбарлардын этин экинчи жаныбарлар жеп, жер бетин тазалап, Аллах Тааланын “Куддус”-б.а. ТАЗА деген ысымын чагылдырып турат.. Б.а. Аллах КУДДУС ысмынын чагылуусу катары, жаныбарлар аркылуу ааламды өлгөн жаныбарлардан коргоп турат.Экинчи жактан бул жерде Аллахтын “Раззак”-Ырыскы берүүчү-деген ысымы көрүнүп турат. Ар бир жандуу жаратык баары бир, бир күн болбосо бир күн өлөөрү баарыбызга маалым. Кээ бирки жаныбарлардын өлүмүнө башка бир жаныбар милдеттендирилген. Жолборс Жейренди жебесе, жейрен баарыбир бир күн өлмөк. Натыйжада жер бети кирдемек. Ошол баарыбир өлө турган, ажалы жеткен жейренди жолборс жеш менен жер бетин тарптардан тазалап жатат. Өлгөн жаныбарлардан тазалап жатат. Ошол эле кезде жолборстун ырыскысы берилип жатат. Бир жагынан өлүп жерди кирдете турган жаныбарды жеп, экинчи жактан курсагын тойгозуп, жанын багып жатат. Мисалы карышкыр “Жаратылыштын санитары” сыяктуу өлгөн жаныбарларды жеп кетет. Андан калган калдыктарды курт-кумурскалар тазалап кетишет. Мына Аллах ар кандай жаныбарлар аркылуу жер бетин тазалап турат… Ушул күнгө чейин жаныбарлар өлсө ким жок кылып тазалайт деп ойлондукпу? Жакшылап акыл калчасак, ойлонсон, ой жугүртсөк өтө көп таң калыштуу Аллахтын кереметтери бар… Буларды карап туруп “АЛЛАХЫМ! САГА ГАНА БАШ ИЙЕБИЗ, СЕНДЕН ГАНА СУРАНАБЫЗ!”-дебеске айла калбайт…
Аллахты далилдеген төө. Бейиш нуру
Шайтандын жаратылуусу жана балээнин жүзөгө ашуусунун сыры эмне?

ЭКИНЧИ ИШАРАТ: Суроо: Нукура жамандык болуп эсептелген шайтандардын жаратылуусу, ыймандуулардын башына балээ болуусу, алардын айынан көптөгөн адамдардын ыймандан чыгып Тозокко кирүүлөрү өтө коркунучтуу жана жийиркеничтүү болуп көрүнүүдө. Таң калыштуу, Чыныгы сулуулук ээси, Чыныгы Ырайымдуу жана Мээримдүү болгон Аллахтын ырайымы менен сулуулугу мындай чексиз жийиркенич менен коркунучтуу балээнин жүзөгө ашуусуна кантип…
Мусулмандар ар дайым шайтандын жамандыктарынан коргоо тилеп Аллахка сыйынууларынын сыры эмне?

ОН ҮЧҮНЧҮ ЛЕМА اَعُوذُ بِاللّٰهِ مِنَ الشَّيْطَانِ الرَّجِيمِ дубасынын сырлары жөнүндө. بِسْمِ اللّٰهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ وَقُلْ رَبِّ اَعُوذُ بِكَ مِنْ هَمَزَاتِ الشَّيَاطِينِ ٭ وَاَعُوذُ بِكَ رَبِّ اَنْ يَحْضُرُونِ (Шайтандан коргоо тилөөнүн сырларына байланыштуу “Он үч ишарат” жазылат. Ал ишараттардын кээ бирлери башкача түрдө “Жыйырма алтынчы сөз” сыяктуу кээ бир рисалелерде…
Эмне үчүн мусулмандар адашкандарга жеңилишкен?

Суроо: Аллахтын жакшы көргөн пенделери болгон мусулмандар, пайгамбарлар жана алардын башында турган ааламдардын сыймыгы болгон Мухаммад алейхиссалаату вассалам ушунчалык Аллахтын жардамы менен ырайымына бөлөнүп турса да эмне үчүн көп жолу шайтандын тараптарлары болгон адашкандарга жеңилишкен? Анан дагы Пайгамбарлардын мөөрү болгон Мухаммад алейхиссалаату вассаламдын күн сыяктуу жаркыраган элчилик милдети, өтө таасирдүү…