Бирөөнүн акы-укугун тепсөө

БИРӨӨНҮН АКЫ-УКУГУН ТЕПСӨӨ

             Ислам дини өзгөч басым жасаган жагдайлардын бири бул «адамдын акы-укугу». Адамдын акы-укугу материалдык жана моралдык жактан каралат.

             Адам өлтүрүү адамдын эң чоң укугун тепсөө дегенди түшүндүрөт. Ошондой эле бирөөнүн аркасынан сүйлөө, намысын, кадырын түшүрүп жалган жалаа жабуу, акаарат келтирүү, төмөн көрүү, ушактоонун баары адамдын моралдык жактан укугун тепсегенге жатат. Бирөөнүн кымбат болобу, арзан болобу, айтор, мал-мүлкүн алдап алуу, уурдап алуу ж.б. жолдор менен алуу адамдын материалдык акы-укугу болуп эсептелет. Азирети Пайгамбарыбыз:

           «Эч кимиңер боордошуңардын кайсыдыр бир мал-мүлкүн чындап же тамаша иретинде албагыла. Ким досунан бир таяк алган болсо да, аны кайтарып берсин!» (Абу Дауд, Адаб, 93; Тирмизи, Фитан, 3) дейт. Асыресе, бирөөнүн мал-мүлкүнө (кандай таризде болсо болсун) зыян берүү да адам укугуна кирет. Мусулман баласы акыретте адам акы-укугунан кутулмайынча бейишке кире албайт. Жасаган ишине өз мойну менен жооп берет. Хадисте айтылгандай, материалдык моралдык жактан бирөөнүн акысын тепсеген адам кыяматта укугу тепселеген адамга сооптору менен жооп берет, сооптору жок болсо же жетпесе, тиги адамдын күнөөлөрүнөн өз өлчөмүндө алуу менен андан кутулат. Ошентип бирөөнүн укугун тепсеген адам дүйнөдө утурумдук кызыкчылыктын айынан акыретте түбөлүк жакшылыгынан ажыраган болот.

          Адамдын акы-укугун тепсөөнүн бардык түрүнө бул жерде кайрылууга орун жетпейт. Ошондуктан бул багытта мусулман баласы өтө кылдат кадам ташташы керек. Ислам маданиятынын эң бир маанилүү өңүтүн «адамдын акы-укугу» түшүнүгү түзөт. Мусулман адам жасаган ар бир ишин майын чыгара жасашы керек. Колунан келбей турган ишти аркалабашы керек. Мисалы, саат оңдоочу адам өз ишин толук жасап бүтүрүшү керек, эгер бул иш колунан келбесе да, эптеп бүтүрүмүш этип элди алдабашы кажет. Эгер кимдир бирөө мамлекеттик кайсыдыр бир мекемеде иштесе, ишине өзгөчө маани берип, элдин мүлкүнөн же иштеген жерине таандык мүлктөрдү же буюм-тайымдарды эч качан уурдабашы керек, жерге түшүрүп сындырып албай дыкат колдонушу керек, асыресе, иштөө убактысына өзгөчө кылдат мамиле жасашы кажет.

           Мусулман баласы электр тогу, газ ж.б.у.с. нерселерди уурулук жол менен колдонбошу кажет. Анткени бул багытта кетирилген кемчилик тек бир кишинин гана эмес, бүтүндөй коомчулуктун акы-укугу тепселген болот. Электр тогун уурдап колдонгон адам ошол коомдо жашаган ар бир адамдын акысынан жеген болуп эсептелет. Жумушчу жалдаган адам анын акысын толугу менен бериши кажет. Өзгөчө каатчылык учурларда шаарларга көчүп, күнүмдүк нанын таап жегенге аракет кылып жүргөн адамдарды эркин базар ойуну менен өтө төмөн акчага жалдап «өз ыраазылыгы менен иштеп жатат» деген сөздүн аркасына жашынып иштетүү туура эмес. Себеби ачка, күнүмдүк нанын араң таап жүргөн адамдын соодалашууга дем-күчү жетпейт. Эптеп акча табууга, канча сомго болсо да иштөөгө аргасыз адамдын бул абалынан пайдаланып болор-болбос акчага иштетүү анын акы-укугун тепсегенге жатат.

Добавить комментарий