Мусулмандар ар дайым шайтандын жамандыктарынан коргоо тилеп Аллахка сыйынууларынын сыры эмне?

ОН ҮЧҮНЧҮ  ЛЕМА

اَعُوذُ بِاللّٰهِ مِنَ الشَّيْطَانِ الرَّجِيمِ дубасынын сырлары жөнүндө.

بِسْمِ اللّٰهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

وَقُلْ رَبِّ اَعُوذُ بِكَ مِنْ هَمَزَاتِ الشَّيَاطِينِ ٭ وَاَعُوذُ بِكَ رَبِّ اَنْ يَحْضُرُونِ

(Шайтандан коргоо тилөөнүн сырларына байланыштуу “Он үч ишарат” жазылат. Ал ишараттардын кээ бирлери башкача түрдө “Жыйырма алтынчы сөз” сыяктуу кээ бир рисалелерде баяндалып далилденгендиктен, бул жерде кыска гана баяндалып өтөт.)

БИРИНЧИ ИШАРАТ: Суроо: Эгер шайтандар бул ааламда эч нерсе жарата алышпаса, Аллах таала да өзүнүн ырайымы жана колдоосу менен мусулмандарга тараптар болуп колдоп турса, чындык менен акыйкаттын тартымдуу сонундуктары менен жакшылыктары да мусулмандарга дем-күч берип турса, адашуунун жийиркеничтүү ыпластыктары, атүгүл, адашуу жолундагыларды да жийиркендирип турса, анда эмне үчүн шайтандын тайпасы көп жолу үстөмдүк кылып жатат? Айрыкча мусулмандар ар дайым шайтандын жамандыктарынан коргоо тилеп Аллахка сыйынууларынын сыры эмне?

ЖООБУ: Мунун сыры мындайча: Көпчүлүк учурда адашуу менен жамандыктар – кыйратуу, талкалоо, жок кылуу жана бузуу болуп саналат. Ал эми көпчүлүк учурда туура жолго салуу менен жакшылыктар болсо – жасоо, бар кылуу, оңдоо жана жөнгө салуу болуп эсептелет. Жыйырма адамдын жыйырма күндө курган бир имаратын бир адам бир эле күндө талкалап салаары баарына маалым. Ооба, адамдын денесинин негизги мүчөлөрү менен жашоо шарттарынын бар болуусу аркылуу тирүү жашап жаткан адам өмүрү Улуу Жаратуучунун кудуретине гана таандык болуп турса да, бир мыкаачы адам ал адамдын бир мүчөсүн кесүү менен өмүргө салыштырганда жоктукка алып баруучу болгон өлүмгө дуушар кылат. Ошондуктан: «Бузуу оңой» деген сөз эл оозунда айтылып жүрөт.

Мына ушул сырдан улам адашуу жолундагылар чындыгында алсыз бир кубат менен өтө күчтүү болгон мусулмандарга кээде үстөмдүк кылып жатышат. Бирок, мусулмандардын ошондой бекем бир сепили бар дейсиң, ага коргологон кезде ошол коркунучтуу душмандар жакын жолой алышпайт, эч бир зыян бере алышпайт. Эгер убактылуу бир зыян бере турган болсо, وَالْعَاقِبَةُ لِلْمُتَّقِينَ эрежеси боюнча түбөлүктүү сооптор менен пайдалар аркылуу ал зыяндын орду толукталат. Ал эми ошол бекем сепил жана ал бекем коргон болсо – Мухаммад алейхиссалаату вассаламдын алып келген шарияты менен сүннөт жолу болуп эсептелет.

Ыйык Курандын тафсири Рисале-и нур жыйнагынын «Лемалар» китебинен Он үчүнчү лема

Добавить комментарий