Нурчулар деген кимдер?

10553596_831386890205867_5030534769613154236_n             Суроо: Нурчулар деген кимдер, кайсы мазхабдан, максаты эмне, кыска жооп күтөм?

              Сурооңузга жооп: Нурчулар — Ислам аалымы Бедиуззаман Саид Нурсинин Рисале-и Нур деген Ыйык Курандын 14 томдук эмгектерин окушуп, башка адамдарга да ошол эмгектерди окуп берүү менен ЫЙМАН КУТКАРУУ милдетин аткарышат. Нурчулар деп эл тарабынан коюлган. Даават кылган адамды ДААВАТЧЫ, сүрөт таркан адамды сүрөтчү дегендей, Рисале-и Нурларды окуган адамдарды да НУРЧУЛАР деп коюшкан. Рисале-и Нур китептерин окуган 4 мазхабдын тең адамдары бар. Кыргызстандагы бардык нурчулар ХАНАФИЙ мазхабын карманышат. МАКСАТЫ: Аллах тааланы таанытуу, Пайгамбарыбызды САВ таанытуу, Ыйман акыйкаттарын элдин калың катмарына заманбап, карапайым элдин тили менен, логикалык далилдер менен далилдеп, ыйман жана Куран акыйкаттарын жеткирүү. Эң негизгиси — Аллах тааланын ыраазылыгы үчүн гана иштөө. Максатыбыз бул дүйнө эмес, түбөлүктүү акыреттик маселелер. Кыскача ушу…

Добавить комментарий