Он жетинчи мектуб

ОН ЖЕТИНЧИ КАТ

(Баласы чарчап калгандарга көңүл айтуу)
بِاسْمِهِ وَاِنْ مِنْ شَيْءٍ اِلاَّ يُسَبِّحُ بِحَمْدِهِ
Кымбаттуу акыреттик досум Хафыз Халид!
بِسْمِ اللّٰهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ
وَبَشِّرِ الصَّابِرِينَ الَّذِينَ اِذَا اَصَابَتْهُمْ مُصِيبَةٌ قَالُوا اِنَّا لِلّٰهِ وَاِنَّا اِلَيْهِ رَاجِعُونَ
«…Баштарына бир балээ келген кезде: «Биз Аллахтын пенделерибиз жана албетте биз Ага кайтуучуларбыз» – дей турган сабырдууларга сүйүнчү кабар бер:» (Куран 2:155-156)

Урматтуу досум! Уулуңдун кайтыш болушу мени абдан капалантты. Бирок, اَلْحُكْمُ لِلّٰهِ «Бардык өкүмдөр Аллахка гана таандык.» Андыктан, «Болгон окуяга ыраазы болуу жана тагдырга моюн сунуу» Ислам дининин негизги шарттарынын бири. Аллах Таала сиздерге күчтүү сабыр берсин. Маркум наристени да силерге акыретте ишенимдүү жардамчы жана шапаатчы кылсын. Сизге жана сиз сыяктуу такыбаа мусулмандарга абдан чоң сүйүнчү менен чыныгы бир жубатуу бере турган «Беш түйүндү» баяндайбыз.

Биринчи түйүн: Сырдуу Курандын وِلْدَانٌ مُخَلَّدُونَ «Түбөлүктүү сүйкүмдүү наристелер…» (Куран 56:17 жана 76:19) деген аятынын сыры жана мааниси мына ушундай: Ыймандуулардын эрезе куракка жетпей чарчап калган балдары бейиште түбөлүктүү, сүйкүмдүү бойдон жаннатка ылайыктуу бир бейнеде түбөлүктүү наристе бойдон калышаарын, Бейиште ата-энелеринин кучагында түбөлүктүү кубанычынын себеби болушаарын, бөбөк сүйүү жана бала эркелетүү сыяктуу балдай ширин асыл сезимдерди ата-энесине кайрадан насип кылууга себепчи болушаарын, ар бир ырахаттуу нерселердин бейиште бар экендигин, «Бейиш – урпактардын көбөйө турган жери болбогондуктан балага болгон сүйүү жана эркелетүү сезимдери да жок болот» дегендердин сөздөрү акыйкат эмес экендигин жана дагы дүйнөдө он жылдык кыска бир убакыт ичинде ар кандай машакат-түйшүктөргө карабай бала сүйүү менен эркелетүүнүн ордуна таза, кайгысыз жана миллиондогон жылдар бою түбөлүктүү бала сүйүү менен эркелетүүгө ээ болуу – ыймандуулардын эң улуу бакытынын себепчиси болгондугун ушул ыйык аят وِلْدَانٌ مُخَلَّدُونَ «Түбөлүктүү сүйкүмдүү наристелер…» сүйлөмдөрү менен ишаарат кылып сүйүнчүлөп жатат.

Экинчи түйүн: Бир жолу бир адам зынданга түшүп калат. Сүйүктүү баласы анын жанына жөнөтүлөт. Ал бечара туткун өзүнүн азабын чегет, аны менен бирге баласынын жыргалчылыгын камсыз кыла албагандыгы үчүн кыйналуу менен кайгыга чөмүлөт. Ошондо мээримдүү падыша ага бир адамды жиберип: «Бул бала ырасында сенин уулуң. Бирок, менин кол алдыма караштуу жана менин калкымдан болуп саналат. Мен аны өз жаныма алып, укмуштуудай бир сарайда жакшылап асыраймын» – деп, айттырат. Ал адам ыйлап-сыздап: «Менин жан эрмегим болгон уулумду бербеймин» – деп, көгөрөт. Жанындагы достору ага мынтип айтышат: «Сенин мынтип ыйлап-сыздаганың пайдасыз. Эгер сен чындап эле уулуңа боор ачый турган болсоң анда ук, уулуң ушул булганыч, сыз жана азаптуу зындандын ордуна жагымдуу жана ырахаттуу бир сарайга барат. Эгер сен өзүң үчүн кыйналып жаткан болсоң жана өз пайдаңды ойлоп жатсаң жана уулуң бул жерде кала турган болсо, убактылуу болоор-болбос бир пайдаң менен бирге уулуңдун тарткан машакаттарынан да көп кыйынчылыктар менен кайгыларды чегесиң. Эгер ал жакка кете турган болсо, сага миңдеген пайдасы тиет. Анткени, падышанын ырайымын козгоого себепчи болот жана сенин бул жерден чыгышыңа ортомчу болушу мүмкүн. Падыша аны сени менен жолуктургусу келет. Албетте, жолугушуу үчүн аны зынданга жөнөтпөйт. Тескерисинче, сени зындандан чыгарып сарайга чакыртат жана уулуң менен жолуктурат. Бирок бир шарты бар: падышага толук ишен жана моюн сун…»

Мына ушул мисалдагыдай, кымбаттуу бир тууганым, сен сыяктуу ыймандуу адамдын баласы каза болгон кезде: «Бул бала бейкүнөө. Анын Жаратуучусу дагы Ырайымдуу жана Жоомарт болгон Аллах Таала. Менин бере турган кемчиликтүү тарбиям менен мээримимдин ордуна эч кемчиликсиз болгон Өзүнүн көзөмөлү менен ырайымына алды. Дүйнөнүн кайгылуу, кыйынчылыктуу жана машакаттуу «зынданынан» чыгарып Фирдаус бейишине жөнөттү. Ал бала кандай гана бактылуу! Бул дүйнөдө кала турган болсо, ким билет кандай абалга кирээрин? Ошон үчүн мен ага кайгырбаймын жана аны бактылуу деп билемин» – деп, ойлоосу керек.

Ал эми ичимде калган бир нерсе, ал өз напсиме караштуу пайдалар болчу, эми ал үчүн өзүмө дагы боор ачыбайм жана азап тартып кыйналбайм. Анткени, бул дүйнөдө кала турган болсо, он жылдык, убактылуу жана кайгы-муңу аралаш балага деген сүйүүнү камсыз кылмак. Эгер жакшы бала боло турган болсо же дүйнө иштеринде бир ишке жарай турган болсо, балким сага жардам кылаар эле. Бирок кайтыш болуусу менен түбөлүктүү бейиште он миллиондогон жылдар бою мага бала сүйүүгө жана түбөлүктүү бакытыма себепчи болгон шапаатчыга айланат. Албетте жана албетте, болоор-болбосу белгисиз бир пайданы жоготкон жана чыныгы, болоору анык миңдеген пайдаларды тапкан адам, көңүлү чөгүп үмүтсүз чыркырабайт.

Үчүнчү түйүн: Ошол кайтыш болгон бала Ырайымдуу Жаратуучунун макулугу, пендеси, кулу жана бүткүл турган турпаты менен Аллахтын өнөрү жана Ага тиешелүү болуп туруп, убактылуу ата-энесине карамагына берилген жана ата-энесин ага кызматчы кылып дайындаган эң жакын эрмеги болчу. Алардын кылган кызматынын акысы катары аларга өтө ырахаттуу мээримди берген. Эми токсон тогуз пайыз үлүш ээси болгон ошол Ырайымдуу Жаратуучунун ырайымдуулугу менен даанышмандыгы керек кылып, ал баланы сенден ала турган болсо жана «Сенин кызматың бүттү» дей турган болсо, сенин кичинекей бир пайыз үлүшүң бар болуп туруп, чыныгы үлүш ээсине каршы даттанып жаткан сыяктуу өңдөнүп үмүтсүз, кайгырып чыркыроо ыймандууларга жарашпайт. Тескерисинче, наадандык менен адашуу жолундагыларга гана жарашат.

Төртүнчү түйүн: Эгер бу дүйнө түбөлүктүү боло турган болсо, адам да ичинде түбөлүктүү кала турган болсо жана айрылуу да түбөлүктүү боло турган болсо, анда көңүл чөктүрүп үмүтсүз кайгыргандын бир мааниси болоор эле. Бирок, бул дүйнө бир мейманкана сыяктуу болгондуктан, кайтыш болгон наристе каякка кеткен болсо сиз да, биз да ошол жакка барабыз жана бул өлүм деген нерсе жалгыз гана ага таандык эмес, баарыбыздын жолубуз. Анын үстүнө айрылуу дагы түбөлүктүү болбогондуктан, келечекте мүрзөдө дагы, жаннатта дагы кайрадан көрүшүү болот. اَلْحُكْمُ لِلّٰهِ «Бардык өкүмдөр Аллахка гана таандык.» деп айтышыбыз керек.. Ал берди, Ал алды. «Альхамду лиллахи ъалаа кулли хал» деп сабыр менен шүгүр кылышыбыз керек.

Бешинчи түйүн: Аллахтын ырайымынын эң назик эң сонун, эң жагымдуу жана эң таттуу көрүнүштөрүнөн болгон мээрим – бул ар бир дартка дабаа боло ала турган нурдуу дары. Ашыктыктан да курч. Аллах Таалага жетүүнүн кыска жолу. Мисалы: жалган сүйүү менен дүйнөлүк ашыктык көптөгөн азап-тозоктор менен чыныгы ашыктыкка айланып Аллах Тааланы таба турган болсо, дал ошол сыяктуу мээрим дагы – бирок азап-тозоксуз, дагы да кыскараак жана дагы да таза абалда – жүрөктү Аллах Таалага байланыштырат. Мейли ата болсун, мейли эне болсун баласын бүткүл дүйнө сыяктуу сүйүшөт. Баласы колунан алынган кезде, эгер бактылуу болсо чыныгы ыймандуу болсо, дүйнөдөн жүзүн буруп чыныгы жакшылыктарды берип жаткан Аллахты табат. Ошентип, «Ырас, бул дүйнө убактылуу болгондуктан, жүрөк менен байланууга түк арзыбайт!» деп айтат. Баласы кай тарапка кеткен болсо, ошол жакты көздөй байланыш кыла баштайт. Улуу руханий абалга ээ болот.

Наадандык менен адашуу жолунда жүргөндөр ушул беш акыйкатта айтылган бакыт менен сүйүнчүлөрдөн куру калышат. Алардын абалдары канчалык аянычтуу болгонун мына ушул мисалдан салыштырып көргүлө: Карыган бир аял абдан жакшы көргөн жана сүйүктүү жалгыз уулунун өлүм алдында жатканын көрүп, дүйнөдө түбөлүктүү кала тургансып, наадандыктын же болбосо адашуунун натыйжасында өлүмдү жок болуу жана түбөлүктүү айрылуу деп түшүнгөндүктөн, жумшак төшөгүнүн ордуна кабырдын топурагын ойлонуп наадандыгынан же болбосо адашкандыгынан улам ырайымдуулардын эң ырайымдуусу болгон Аллахтын ырайым бейиш-бактарын, Фирдаус белектерин ойлонбогондуктан, канчалык үмүтсүздүк менен муңга батып азап чеккенин салыштыра аласың. Бирок, эки дүйнөдө тең бактылуу болуунун себепчиси болгон ыйман жана Ислам дини ыймандууларга мынтип айтат: Ушул өлүм алдында жаткан наристенин Ырайымдуу Жаратуучусу аны бул убактылуу дүйнөдөн чыгарып бейишине алып барат. Анан да сага шапаатчы жана түбөлүктүү бала кылып берет. Айрылуу убактылуу, көп кайгырба. اِنَّا لِلّٰهِ وَاِنَّا اِلَيْهِ رَاجِعُونَ * اَلْحُكْمُ لِلّٰه деп сабыр кыл!

 اَلْبَاقِى هُوَ الْبَاقِى
Аллах — Түбөлүктүү. Ал гана Түбөлүктүү.
Саид Нурси

(Жаш баланын кайтыш болгонуна байланыштуу жазылган каттын кошумчасы)
بِاسْمِهِ سُبْحَانَهُ

«Баласы чарчап калгандарга көңүл айтуу» атындагы китепчедеги يَطُوفُ عَلَيْهِمْ وِلْدَانٌ مُخَلَّدُونَۙ (Куран 56:17 жана 76:19) аятына байланыштуу, кээ бир эски тафсирлер: «Бейиште жаш балдардан баштап бели бекчейген карыяларга чейин баары отуз үч жашында болушат» – деп айтышкан. Бул аяттын акыйкаты Аллаху аълам ушундайча болсо керек: Аятта ачык айкын وِلْدَانٌ «…жаш балдар..» деп айтуусу менен төмөнкү акыйкатты баяндап жатат: Шариятта көрсөтүлгөн фарздарды аткарууга милдеттүү болбогон, сүннөт катарында да аткарбаган жана балагат жашына чейин каза болгон жаш балдар жаннатка ылайыктуу жана сүйүктүү наристе бойдон түбөлүктүү калышат. Бирок, жети жашка толгон жаш балдарды, намаз сыяктуу фарздарга ата-энелери аларды алдын ала үйрөтүү үчүн кызыктыруу менен талап кылуусу жана онго чыккан болсо, өтө каттуу талап менен намаз окутуу жана үйрөтүү шариятта бар. Демек, важиб болбосо да, напил ибаадат катарында жети жашынан балагат жашка жеткенге чейин, улуу адамдар сыяктуу намаз окуп, орозо туткан жаш балдар динге моюн сунган улуу адамдар сыяктуу сыйлык алуу үчүн отуз үч жашында болушат деп, кээ бир тафсирлер бул маселени кененирээк түшүндүрбөстөн бардык жаш балдарга тийиштүү кылып коюшкан, кээ бирлерине тийиштүү нерсени жалпыга тийиштүү деп ойлошкон.

 Саид Нурси

Добавить комментарий