ОРОЗО КАРМАБООГО УРУКСАТ БЕРИЛГЕН УЧУРЛАР

ОРОЗО КАРМАБООГО УРУКСАТ БЕРИЛГЕН УЧУРЛАР
Эч бир себепсиз орозо кармабай койуу чоң күнөө. Рамазан айында орозону эч бир себепсиз же атайын бузуу каффаратты талап кылат. Ал эми төмөнкү жагдайларда орозо кармабоого шариятта уруксат берилет. Бирок бул учурда кийин орозо кармабай калган күндөрдүн ордун толуктап кармап койуу керек. Орозо кармабоого уруксат берилген учурлар төмөнкүлөр:
1. Сапар: Шариятта көрсөтүлгөн аралыкка сапарга чыккан адам орозо кармаса да, кармабай койсо да болот. Бирок орозо кармаганы дурус.
2. Оору: орозо кармоого тоскоол боло тургандай оорусу бар адам орозо кармабаса болот.
3. Ден-соолугу начар карыялар орозо кармашпаса болот. Бирок ар бир күн үчүн битир садага берүүлөрү керек.
4. Боюнда болуу же эмчекте баласы болуу. Эгер боюнда бар аял орозо кармаган чакта өзүнө же балага зыян келе турган болсо, орозо кармабай койсо болот. Кармабай калган күндөрүн кийин каза кылышы керек.
5. Согуш майданындагы жоокерлер орозо кармашпаса болот.
6. Кысым көрсөтүлгөн учурда ооз ачууга уруксат бар.

Добавить комментарий