ОРОЗО КАРМООГО НИЕТ КЫЛУУ

ОРОЗО КАРМООГО НИЕТ КЫЛУУ
Рамазан айындагы орозого күн баткандан баштап эртеси күнү шашке маалына чейин (күн төбөгө келгенге болжол менен 50 мүнөт калганга чейин) ниет кылса болот. Күн так төбөдө турган чакта орозого ниет кылууга болбойт. Күн чыккандан кийин орозого ниет кылуу үчүн саарлыктан бери орозону буза турган нерсе жүзөгө ашпашы керек. Маселен, бул учур аралыгында жеп-ичпеген болуу зарыл.
Рамазан айынын ар бир күнү үчүн ниет кылуу керек.
Күн бата элек кезде эртеңки күндүн орозосуна ниет кылууга болбойт. Эртеңки күндүн орозосуна ниет кылуу үчүн күндүн батышы зарыл.
Каза, каффарат жана күнү белгиленбей назир кылынган орозолор үчүн саарлык убагы чыкканга чейин ниет кылынышы керек.
Рамазан орозосун кармоо үчүн «ниет кылдым орозо кармоого» деп ниет кылуу жетиштүү. Ниет чын ыкластан кылынышы зарыл. Тил менен айтылышы мустахап болуп саналат.
Рамазан айындагы орозого ниет кылганда окулуучу дуба: «Навайту ан асуума саума шахри рамазана минал фажри илал магриби. Халисал лиллахи таала Аллаху акбар.»

Добавить комментарий