Сүткорлук

СҮТКОРЛУК (пайызга акча берүү)

            Чоң күнөөлөрдүн бири – бул сүткорлук. Пайызга акча берүү да, алуу да шариятта арам болуп эсептелет. Бул жөнүндө «Арам киреше» бөлүмүндө кеңири маалымат берилген.

             Сүткорлук туурасында Куранда төмөнкүчө буюрулат: «Сүткорлук кылгандар (кыяматта) мүрзөлөрүнөн жин тийген киши сыяктуу турушат. Буга алардын: Чындыгында соода сүткорлукка окшош» дегени себеп. Алла сооданы адал, сүткорлукту арам кылган…» (Бакара 275),

              «Силер адамдардын мал-мүлкү аркылуу көбөйсүн деп берген пайыз (акчаңар) Алланын алдында көбөйбөйт. Алланын ыраазылыгы үчүн берген зекетиңер эселенип көбөйөт» (Рум 39)

              Сүткорлуктун арам болгондугуна карата көптөгөн хадистер да айтылган. Алардын биринде мындай делет: «Абайлагыла! Караңгылык доорундагы сүткорлуктун бардык түрүнө тыйуу салынды. Өз акчаңар өзүңөрдүкү (андан ашыкчасы силерге адал эмес). Мына ушуну (эске алып) аракет кылсаңар, бирөөнүн укугун тепсебеген да, өз укугуңарды коргогон да болосуңар» (Бухари, Буйуу 79).

Добавить комментарий