Уурулук

УУРУЛУК

           Уурулук – бул бирөөнүн мал-мүлкүн ээсинин ыраазылыгысыз же уруксатысыз алуу. Бул деген адамдын негизги акы-укуктарынын бирине, мал-мүлкүнө карата жасалган кол салуу.

          Уурулук кылуу чоң күнөө, арам. Куранда:

       «Уурулук кылган эркек же аял кишинин колун кескиле! Бул – Алланын жазасы. Алла – Мартабалуу, Даанышман! Ким зулумдук кылган соң тооба кылып жакшылык иштерди жасаса, Алла аны кечирет. Чындыгында Алла – Кечиримдүү, Боорукер!» (Маида 38-39) деп буюрулат. Кененирээк маалымат алуу үчүн «арам киреше» темасына назар салсаңыз болот.

Добавить комментарий