Чоң күнөөлөр

ЧОҢ КҮНӨӨЛӨР

             Чоң күнөө кескин далилдер (Куран, сүннөт жана ижма) менен чоң күнөө болгондугу, арам кылынгандыгы жана аны жасаган адамга жаза берүү зарылчылыгы билдирилген күнөөлөр эсептелет. Мындан сырткаркы жат иштер кичине күнөөлөргө кирет. Ошону менен бирге Исламга ылайык келбеген жат иштерди чоң жана кичине күнөөлөр деп бөлүүнүн өзү дурус болбогонун айткан аалымдар да бар. Чоң күнөөлөрдүн өзгөчөлүгү «жаза талап кылуу, тозок азабына карата эскертүү алуу, каргыш алуу, жасаган адамдын «фасык-бузуку» атанышы. Парз жана важип иштерди аткарбоо да чоң күнөөгө кирет.

              Чоң күнөөлөрдүн арам кылынгандыгы багытында аалымдардын ортосунда эч кандай талаш жок. Буга көптөгөн аят-хадистер далил. Маселен, «Эгерде силер тыюу салынган чоң күнөөлөрдөн өзүңөрдү тыйып-сактасаңар, кичине күнөөлөрүңөрдү кечиребиз жана силерди бейишке киргизебиз» (Ниса 31) «Алар оор күнөөлөрдөн, бузукулуктардан чегингендер жана ачуусу келгенде кечиргендер» (Шуура 37) «Оор күнөөлөрдөн жана ыпластыктардан сактангандардын бир аз кичине күнөөлөрү болсо, аларга Эгеңдин кечирими шексиз кең!» (Нажм 32) деген аяттар кичинечоң күнөөлөргө ишарат жасаган аяттар. Асыресе, чоң күнөөлөр өз ара тизмелениши далилдердеги айтым-сөздөргө жана күнөөнүн жеке адам өңүтүнөн болсун, коомдук өңүттөн болсун, айтор, анын зыянына, залакасына жараша иликтенет.

             Хадистерден да «чоң күнөө» сөзүн кездештирүүгө мүмкүн. Алсак, Абдуррахман бин Абу Бакир атасынын мынабу окуяны айтып бергенин билдирет: Алла Элчисинин жанында болчубуз. Ал үч жолу мындай деди: «Силерге чоң күнөөлөрдүн эң оорлорун айтып берейинби? Аллага шерик кошуу, ата-энеге баш ийбөө жана жалган күбө болуу…» (Бухари, Адаб, 6; Иман, 16).

               Дагы бир хадисте чоң күнөөлөр «мубиикаат – ойрондотуучу, жок кылуучу» сөзү менен колдонулат: «Алланын Элчиси: Жок кылуучу жети нерседен оолак болгула! деди. Алар кайсылар, о, Алланын Элчиси? – деген суроого ал төмөнкүчө жооп кайтарды: Аллага шерик кошуу, сыйкырчылык, Алла Таала арам кылганына карабастан жөнсүз адам өлтүрүү, жетимдин мал-мүлкүн жеш, сүткорлук (процент акча алып-берүү), душманга кол салуу учурунда согуштан качуу, ар-намыстуу таза момун аялдарга зина күнөөсүн таңуулап, жалган жалаа жабуу»

               Дагы башка бир хадисте чоң күнөөлөр төмөнкүчө тизмеленет: «Аллага шерик кошуу, жөн жерден адам өлтүрүү, таза аялга зинаа күнөөсүн таңуулоо, зина кылуу, душманга кол салуу учурунда качуу, сыйкырчылык, жетимдин мал-мүлкүн жеш, мусулман ата-энеге баш ийбөө, сүткорлук (пайыз алып-берүү), уурулук кылуу жана арак ичүү» (Бухари, Васайа, 23; Муслим, Иман, 141-146; Абу Дауд, Васайа, 10)

               Чоң күнөөлөр булар менен гана чектелүү эмес. Төмөнкү терс иштер да Исламда чоң күнөөлөр катары кабылданат:

1. Аллага шерик кошуу. Бул күнөө мусулман адамды динден чыгарат.
2. Адам өлтүрүү.
3. Намазды таштоо
4. Зекет бербөө
5. Себепсиз орозо кармабоо
6. Мүмкүнчүлүгү боло туруп ажылыкка барбоо.
7. Сыйкырчылык менен алектенүү
8. Пайыз (сүткорлук, процент акча) алуу же берүү
9. Метрден жана таразадан алдоо
10. Элдин мал-мүлкүнө туура эмес жолдон кол салуу
11. Уурулук кылуу
12. Пайгамбарыбызга жалган сөз же аракет таңуулоо. Маселен, жалган «хадис» ойлоп табуу. Ошондой эле хадистерди четке кагуу, Пайгамбарыбыздын сөздөрүн төмөн көрүү да чоң күнөөлөргө кирет.
13. Согуштан качуу
14. Зинаа кылуу
15. Ата-энеге баш ийбөө, аларга акаарат келтирүү
16. Кийим кийүүдө аврат жерлерди ачык алып жүрүү.
17. Пара алуу же берүү
18. Жөн жерден жетимдин мал-мүлкүн жеөө
19. Мураскорго өз акысын бербөө
20. Мамлекеттик казынага туура эмес жолдон кол салуу
21. Өзүн-өзү өлтүрүү
22. Бузукулукка чакыруу же жамандыкка жол ачуу
23. Мунафыктык кылуу. Мусулман адам сыяктуу көрүнүү, эки жүздүүлүк.
24. Жасаган жакшылыгын колко кылуу.
25. Наалат айтуу
26. Мусулман коомчулугуна кыянаттык кылуу
27. Көзү ачыктык, бүбүчүлүк кылуу же ушул иштерди тастыктоо.
28. Тууган-туушкандар менен болгон байланышты үзүү
29. Атайын билип туруп диний өкүмдөрдү бурмалоо
30. Чагымчылык
31. Эркек адамдын алтын тагынышы жана жибек кийим кийиши.
32. Мусулмандарга каршы колго курал кармоо
33. Алладан башка бирөө үчүн курмандык чалуу
34. Кутман сахабаларга, өзгөчө алдыңкы сахабаларга акаарат келтирүү
35. Жума намазына барбай өзүнчө намаз окуу. Мусулмандарды бөлүп-жаруу, мусулмандардын ортосуна от жагуу
36. Сотто акыйкатты биле туруп адилетсиз өкүм чыгаруу
37. Бузукулукка жол ачкан (маселен, сойку кана, кумар ойун залдары ж.б.) мекемелерди иштетүү, алардын жарнак-көрнөктөрүн жаюу.
38. Аялдын эркекке, эркектин аял кишиге окшоого аракет кылышы.
39. Гомосексуализм
40. Башкаруучулардын элге зулумдук кылышы, элдин акысын жеп, укугун тепсеши.
41. Спирттик ичимдик ичүү
42. Жалган күбө болуу, жалган касам ичүү
43. Калп айтуу
44. Кумар ойноо же ойнотуу
45. Эл арасында бузукулук чыгаруу
46. Таза аялдарга жалган жалаа жабуу
47. Талап-тоноочулук
48. Кан ичүү, тарп, доңуз этин жеөө
49. Зааранын кийимге чачырап-чачырабашына анчейин көңүл бөлбөө
50. Эки адамдын ортосундагы сүйлөшүүлөргө жашыруун түрдө кулак төшөө
51. Алла Таала тыюу салган нерселер менен соода кылуу.
52. Чектен ашуу, бирөөнүн укугун тепсөө.
53. Мусулмандарга зордук-зомбулук көрсөтүү
54. Алланын азабынан коркпоо
55. Алланын ырайымынан, кечириминен үмүт үзүү
56. Бой көтөрүү, менменсинүү, мактануу
57. Мусулмандарды жашыруун түрдө көзөмөлдөө, алардын айрым бир катачылыктарын ачыкка чыгаруу.
58. Көрсөтмөлүүлүк. Өзгөчө ибадатты эл көрсүн үчүн кылуу.
59. Парздарды орундатпоо – бул чоң күнөө.

              Бүгүнкү күнү тилекке каршы, буга маани берилбей келет. Мусулмандар өздөрү да, балдары да эмненин арам-адал болгондугун билиши жана аны үйрөтүшү – бул парз өкүмүндөгү иш. Себеби мусулман баласы эмненин парз болгонун билип аны орундоого жана эмненин арам болгондугун билип алардан алыс болууга милдеттүү.

              Куранда жана сүннөттө ачык-айкын түрдө көрсөтүлгөн күнөөлөрдү күнөө катары кабыл албоо адамды мусулманчылыктан чыгарат, андан Кудай сактасын! Бул жагдайга өзгөчө көңүл буруу кажет. Адам баласы күнөө жасашы мүмкүн. Андан арылуунун жолу Жараткандан кечирим тилөө. Кимдир бирөө бирөөнүн акысын тепсеген болсо, ал адам менен адалдашуусу (акысын төлөшү же ал адамдын ыраазылыгын алышы) керек. Психологиялык жактан эс алуу үчүн арам, күнөө иштерди жеңил-желпи кабылдоо же «күнөө эмес» деп айтуу ыймандын кетишине себеп болот. Ошондой эле аалымдар кичине күнөөлөрдү этибарга албоонун өзү чоң күнөөгө кирээрин айтышкан.

               Күнөөнүн кечирилишинин биринчи жолу – бул чын ыкластан тооба кылуу (бушайман болуп Жарткандан кечирим тилеп, экинчи ал ишке барбоого сөз берүү). Алла Таала тооба кылгандарды кечире тургандыгын бир топ аяттарда билдирген. Бул жөнүндө жогоруда маалымат берилди. Асыресе, аят-хадистерди эске алган аалымдар беш маал намаз, орозо, ажылык, умра, даарат сыяктуу ибадаттар кичине күнөөлөрдү тазаларын айтышкан. Көпчүлүк аалымдар:

               «Эгерде силер тыюу салынган чоң күнөөлөрдөн өзүңөрдү тыйып-сактасаңар, кичине күнөөлөрүңөрдү кечиребиз жана силерди бейишке киргизебиз» (Ниса сүрөсү, 31) деген аятты далил тутуп, чоң күнөөлөрдөн сактанган кезде, кичине күнөөлөр кечирилээрин билдиришет. Хадистерде «Толук кандуу кабылданган ажылык ошол жылкы катачылыктарды жууп тазалайт» (Муслим, Хаж, 437; Муватта, Хаж, 65), «Шейиттен чыккан алгачкы тамчы кан анын бардык күнөөлөрү үчүн каффарат болот» (Ибн Маажа, Жихад, 16), «Алла Таала жума намазын окуган адамдын эки жума ортосундагы күнөөлөрүн жаап коет» (Абу Дауд, Салаат, 127, 229; Муслим, Тахара, 14), «Ким (орозонун) сообуна ишенип, акыбетин Жараткан Алладан күтүп Рамазан айында орозо кармаса, анын өткөн күнөөлөрү кечирилет» (Бухари, Иман, 28) – деп буюрулат. Береги хадистерде айтылган күнөөлөркичине күнөөлөр болуп эсептелет. Болбосо, эч бир ибадат адам өлтүрүү, зина кылуу, арак ичүү сыяктуу чоң күнөөлөрдүн кечирилишине себеп боло албайт.

              Чоң күнөөлөр шариятта көрсөтүлгөн жаза жүзөгө ашырылган соң кечирим тилөө менен кечирилет. Асыресе, кичине күнөөлөр улам жүзөгө аша берсе, ал чоң күнөөгө айланат. Ошондуктан чоң же кичине күнөө болсун, аны «Алла Таалага баш көтөрүү» деп билип, ар дайым андан оолак болуу кажет.

             Чоң күнөөлөрдүн башында орун алган «Аллага шерик кошуу» адамды каапырлыкка алпарары бышык. Бул жаатта эч бир талаш жок. Ал эми мындан сырткаркы чоң күнөөлөрдү жасоо мусулман адамды Исламдан чыгарып-чыгарбашы багытында Ислам аалымдары ар түрдүү ой-пикирлерин айтышкан.

            Бул багытта Ахли сүннөт аалымдарынын пикири төмөнкүчө: Чоң күнөө мусулман адамды ыймандан чыгарып, каапырлыкка алып барбайт. Чоң күнөө жасаган мусулман адам «аасии – күнөөкөр» болуп саналат. Ал эми мындай күнөөнү адал деп билүү, шылдың-келекеге алуу кескин түрдө каапырлыкты талап кылат.

              Ислам аалымдарынын пикиринде, ыйман – бул жүрөк менен ишенип тастыктоо. Момун-мусулман адамдын ыймандан чыгышы үчүн жүрөгүндөгү тастык өзгөрүшү кажет. Жүзөгө ашкан кайсы бир чоң күнөө тастыкты өзгөртө турган мааниде болбосо, аны жасаган адам ыймандан чыкпайт. Жүрөктөгү тастыктын өзгөрүшү тигил же бул күнөөнү «күнөө эмес» деп билүү же анын өкүмүн шылдыңга алуу аркылуу жүзөгө ашат. Шарияттын өкүмдөрүн келекеге алып, жеңил желпи кабылдамайын, арамды адал, адалды арам катары эсептемейин жүрөктөгү тастык өзгөрбөйт. Ал өзгөрбөгөн соң каапырлык талап кылынбайт.

             «Алла Таала өзүнө шерик кошкондорду кечирбейт. Мындан башка күнөө иш кылгандарды эгер кааласа кечирет» (Ниса 116) деген аятта шерик кошуу эч кечирилбеши, ал эми мындан сырткаркы күнөөлөр эгер Алла Таала кааласа кечирилери билдирилет. Эгер чоң күнөөлөр каапырлыкка алпарса, анда аятта «маа дууна заалик – мындан тышкаркылар…» деген айтым колдонулмак эмес. Асыресе, чоң күнөө жасаган мусулман адамдар каапыр эмес, күнөөкөр болгондугун билдирген көптөгөн аяттар бар. Алардын айрымдары төмөнкүчө:

                «О, момундар! Арак, кумар, (сыйынуу үчүн) орнотулган таштар жана жаанын огу менен төлгө тартуу – шайтандын ыплас иштери. Мындан сактангыла! Мүмкүн кутулаарсыңар» (Маида 90)

        «Эгер момундардан эки тайпа бири-бири менен согушушса…» (Хужурат сүрөсү, 9)

              «О, ыйман келтиргендер! Чын жүрөктөн, чыныгы тооба менен тооба кылып Жаратканга багыт алгыла!» (Тахрим 8). Бул аяттарда байкалгандай, Алла Таала чоң күнөө жасагандарга «О, ыйман келтиргендер» деп кайрылууда.

             Ошондой эле Азирети Пайгамбарыбыз зина кылган же арак ичкен адамдарды мусулман катары көргөн, аларды динден чыкканын айткан эмес.

Добавить комментарий